Баткенде дагы бир айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалды

4-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 250

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Мурас айылында жаңы ичүүчү суу менен камсыздоо системасы пайдаланууга берилди. Натыйжада айылдагы 3500 тургун таза ичүүчү суу менен камсыз болду.

Ачылыш аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, район акими Жеңишбек Асылбек, Суу ресурстары кызматынын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын өкүлү Одет Дуарте Мушимпуа жана жергиликтүү тургундар катышты.

Возможно, это изображение текст

Долбоор Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагындагы «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» программасынын негизинде ишке ашырылды.

Белгиленгендей, Баткен облусундагы 29 айылда жүргүзүлүп жаткан «Тунук суу» долбоору толук аяктаганда 53 миңден ашуун тургун сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болот. Долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү 2028-жылдын аягына чейин уланат.

Салтанатта сүйлөгөн Мамыржан Рахимов таза суу инфраструктурасын өнүктүрүү аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X