Баткенде дээрлик 10 килограмм гашиш ташууга аракет кылган жаран кармалды

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу фактысынын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен ОИИБдин кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, аткезчилик жолу менен өткөрүү жана сатуу каналдарын аныктоого багытталган иштер жүргүзүлгөн.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, уюшкан топ Тажикстандын аймагынан ири көлөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз алып өтүп, аны Баткен облусу аркылуу транзиттик жол менен ташып, андан ары Өзбекстандын аймагына өткөрүүгө аракет кылып жаткандыгы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кадамжай районунда «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн Баткен районунун 1987-жылы туулган тургуну А.С. кармалган.

Тергөө иштеринин алкагында автоунаага жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү маалында өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшош зат салынган 10 баштыкча табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттын жалпы салмагы 9 килограмм 908 грамм 8 миллиграмм болгон «гашиш» баңгизаты экени аныкталган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X