Баткенде Эгемендүүлүк күнүнө карата 15 жаңы социалдык жана өндүрүш объектиси ачылат
Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана өндүрүш тармактарын өнүктүрүүгө багытталган 15 жаңы объект пайдаланууга берилет.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 12си социалдык багыттагы объект болсо, 3ү өндүрүш ишканасы болуп саналат.
Билим берүү тармагында Баткен шаарындагы Аэропорт участкасында 225 орундуу жаңы мектеп, Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу мектеп, Кадамжай районунун Айырбаз айылындагы «Кыргызстандын 10 жылдыгы» атындагы 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилет. Ошондой эле Самаркандек айылындагы «Бала Нур» бала бакчасына кошумча корпус, Кадамжай шаарындагы «Аленушка» бала бакчасы жана Раззаков шаарынын Тайлан айылындагы «Ак-Шоола» бала бакчасынын жаңы корпусу ачылат.
Саламаттык сактоо тармагында Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапия бөлүмүнө кошумча имарат, Кара-Козу участкасында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты, Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Жаңы-Достук участкасында фельдшердик-акушердик пункт ишке берилет.
Мындан тышкары Баткен шаарында муниципалдык автобекет, Кадамжай шаарында бардык мезгилде иштей турган муниципалдык жабык сүзүү бассейни жана Сүлүктү шаарынын Белес участкасындагы «Белес Резорт» эс алуу комплекси пайдаланууга берилмекчи.
Өндүрүш тармагында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү (кургатуу) цехи, Кызыл-Кыя шаарындагы «Асыл Холдинг» ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү ишканасы жана Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында шагыл майдалоочу өндүрүш цехи ишке киргизилет.
Аталган объектилердин пайдаланууга берилиши аймактагы социалдык инфраструктураны чыңдоого, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын сапатын жакшыртууга, туризмди өнүктүрүүгө, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.