Баткенде элдин көйгөйү жеринен угулду

26-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 144

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен жана Лейлек райондорундагы бир катар айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Эл өкүлү Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында жол, таза суу, инфраструктура, социалдык объектилерди куруу жана калктын жашоо шартын жакшыртуу маселелерин талкуулады.Нет описания фото.

Мындан тышкары, депутат Миң-Өрүк–Самаркандек унаа жолунун жана Ак-Суу айыл аймагындагы дамбанын курулушун жеринен көрүп, Жеңиш айылындагы мектеп менен бала бакчанын абалына да баа берди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө айтылган көйгөйлөрдү чечүү жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар каралды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X