Баткенде эрте бышкан бадыраң сатыкка чыга баштады
Жаңы Достук айылында эрте бышкан бадыраңдын алгачкы түшүмү жыйналып, сатыкка чыгарыла баштады.
Айыл тургуну Махмут Байдиев үстүбүздөгү жылдын март айында 3 сотых жер тилкесине “Экватор” сортундагы бадыраң эгип, учурда анын түшүмүн алып жатат. Өндүрүлгөн продукцияны айыл тургундары активдүү сатып алып, ошондой эле жергиликтүү базарларга да жеткирүүдө.
Дыйкандын айтымында, бул сорт эрте бышканы жана даам сапатынын жогору болушу менен айырмаланат. Натыйжада түшүмдү кыска убакытта жана кошумча кыйынчылыктарсыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Адистер белгилегендей, мындай мисал чакан жер тилкесин туура жана натыйжалуу пайдалануу аркылуу туруктуу киреше табууга болорун көрсөтөт.