Баткенде эвакуациялангандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, Баткенде 9 пунктта жайгашып турган райондун жарандары менен Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, учурда абал турукташканын, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. Ал жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

28-29-апрель күндөрү чек арадагы жаңжалдан, облуста жалпы 40 649 адам коопсуз жайларга  көчүрүлгөн. Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуациялан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X