Баткенде Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакованы тосуп алышты

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166

Бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жана анын небереси Берк Раззаков Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Конокторду Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Сапардын алкагында Эльмира Раззакова алгач атасы Исхак Раззаковдун туулуп-өскөн жери — Коросон айылына барып, анын күмбөзүнө зыярат кылып, куран окутуп, бата кылат.

Ошондой эле анын Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков музейлер комплексине барып, экспозициялар менен таанышуусу мерчемделген.

Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер менен жолугушуулар өтөт.

Белгилей кетсек, Эльмира Раззакованын Баткен облусуна болгон сапары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исманали Жороевдин колдоосу менен уюштурулуп, ал конокторду коштоп жүрөт.

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X