"Эркин-Тоо"

Баткенде ишкерлер 1,3 млрд. сомдук зыян тартты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин берген маалыматына ылайык, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан зыян тарткан ишкерлерге компенсация төлөнүп, пайызсыз кредит берүү сунушталат.

Жунушалиевдин айтымында, Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кароосуна, ишкерлер тарткан зыяндын жалпы суммасын аныктоо боюнча долбоор киргизилет.

«Компенсация белгилүү бир өлчөмдө болот. Биз ишкерлерге жаңжалда жабыркаган жөнөкөй жарандардан көп төлөп бере албайбыз. Ага кошумча ишкерлерге 200 миң сомдук пайызсыз кредит сунуштайбыз. Зыянга учураган 76 ишкердин баары мындай кредитти тоскоолдуксуз алышы үчүн банктарда «кара тизмеде» турганы да эске алынбайт», — дейт Жунушалиев.

Ушул тапта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экономика жана финансы министрлиги, ошондой эле жеринде иштеп келген комиссия чыгымдардын эсебин чыгарышты.

«Жергиликтүү бийлик органдары чыгарган зыяндын өлчөмү ӨКМ менен Экономика жана финансы министрлиги эсептеген суммадан көп болууда. Жергиликтүү бийлик берген цифраларды бекитүү чечими кабыл алынган. Алардын маалыматы боюнча, ишкерлер 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянга учураган», — дейт Айбек Жунушалиев.

Эске салсак, апрель айында кыргыз-тажик чек арасында орун алган кагылышууда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 адам жаракат алган. Бийлик тарабынан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жарадарларга 50-100 миң сомдон төлөнөрү айтылган. Каражат республикалык бюджеттен алынат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!