Баткенде күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

29-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Тажикстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 11:22де катталып, анын күчү Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

29-март, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X