Баткенде катуу шамал жана селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда
Баткен облусунда катуу шамал жана селден кийин келтирилген зыянды жоюу иштери уланууда. Учурда негизги жол каттамдары толугу менен ачылып, автоунаалардын кыймылы кадимки режимде жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен үзгүлтүккө учураган аймактарда электр энергиясы кайра берилди. Учурда Баткен районунун Бөжөй айылындагы 147 абонентке гана электр жарыгы жете элек. Бул аймакта калыбына келтирүү иштери улантылып жатат.
Сугат суу үзгүлтүксүз берилип, суу чарба объектилери штаттык режимде иштеп жатканы маалымдалды.
Ал эми байланыш тармагында айрым ишканалар менен абоненттердин интернет линиялары үзүлгөн. Адистер аларды калыбына келтирүү боюнча оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
Баткен шаарында таза суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Ошол эле учурда айрым аймактык башкармалыктарда таза суу берүү системаларын калыбына келтирүү иштери уланууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Мындан тышкары, атайын түзүлгөн комиссия 27-июндагы катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин жана чарбалык курулуштардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө.