Баткенде коменданттык саат киргизилет

30-март, 2021-ж. / Редакция / Аймак 17

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 1-3-апрелде Баткен облусунда биргелешкен «Коопсуздук-2021» деп аталган командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өткөрүлөт.
Машыгуу Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага 600гө жакын адам, 100дөн ашуун техника тартылып, облус аймагындагы күч структураларынын кызматкерлери катышат. Машыгуу өткөн күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блокпосттор коюлат.

30-март, 2021-ж. / Редакция / Аймак 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X