Алгач Лейлек районундагы Раззаков–Ак-Суу–Жизген жолунда курулуп жаткан көпүрөнүн иштерин көрдү. Аталган көпүрөнү куруу маселеси ушул жылдын 11-октябрында президенттин Лейлек районунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда Ак-Суу айыл аймагынын тургуну үч айылды байланыштырган унаа өтүүчү көпүрө куруп берүүнү өтүнгөн.
Долбоордо узундугу 60, туурасы 8 метр болгон көпүрө жана 340 метрлик коргоочу дамба куруу каралган.
Ошондой эле министр Сүлүктү шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушун текшерип, иштерди сапаттуу жана тез бүткөрүүнү тапшырды.
Кадамжай районунун Алга айылында узундугу 12, туурасы 8 метр болгон көпүрө пайдаланууга берилди. Анын натыйжасында Алга, Адыр жана Чукур-Кыштак айылдарындагы 8 миң 800 тургун коопсуз каттам менен камсыз болду.
Мындан тышкары, Таш-Дөбө айылындагы көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми Бостон айылында селден коргоочу көпүрө куруу зарылдыгы белгиленип, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо тапшырылды.
Иш сапардын соңунда Канатбек Чыныбаев Үч-Коргон айыл аймагындагы 1912-жылы курулган гидропосттун абалы менен таанышты.