Баткенде кудукка түшүп кеткен 65 жаштагы тургун куткарылды
6-апрелде саат 16:44тө Баткен шаарындагы “8-Март” көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.
Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында жаран саат 16:49да кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.