Баткенде күн электр станцияларын куруу долбоорлорунун жүрүшү талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен облусунда күн электр станцияларын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин жеринде карап чыгышты.
Иш сапардын жүрүшүндө пландалып жаткан долбоорлордун учурдагы абалы, жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышы жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Мындан тышкары, Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдер, тиешелүү айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана долбоорлорду ишке ашыруучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, сунуш-пикирлер айтылып, кызматташтыкты күчөтүү маселелери каралды.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунан күн энергетикасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Жашыл энергетика фондуна» жалпы аянты 5 миң гектардан ашуун жер тилкелери өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында «Ак-Татыр Энерго компаниясы» жана «Кыргыз Гуанда Новая Энергия» ЖЧКларынын, ошондой эле Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында «Сан Энерджи Ко» ЖЧКсы менен «КСЭ» ЖЧКсынын күн электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.