Баткенде кырдаал курч бойдон калууда

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 11

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылын Тажикстандын аскер техникалары аралап жүрөт. “Турак үй” участкасында кыргыз жарандарынын үйлөрүн тажик аскерлери ээлеп алышты. Интернационал айылынын башчысы барымтага алынды деп кабарлады Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ал эми КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча тажиктердин “Ми-24” вертолёту Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймагын абадан аткылаган.

****

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Баткен районуна караштуу Көк-Терек айылында 17 турак үй толук бойдон өрттөлгөндүгүн, ошондой эле Лейлек районунунКулунду айыл аймагына караштуу Сада, Максат жана Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында да бир нече үйлөр, АЗС өрттөлгөндүгүн тастыктады.

Бүгүн жаңжалдын оту тутанган аймакка КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев барды.

Ал облустук администрациянын алдында чогулган элди тынчтыкка чакырып, бардык маселесулөшүүлөр аркылуу гана чечилерин айтты. Ошондой эле элди тарап кетүүгө чакырды.

Куралдуу атышуулардын натыйжасында бүгүнкүгө карата 13 кыргызстандык курман болду.Алардын үчөөсү атайын даярдыктагы “Бөрү” отрядынын жоокерлери. Жоокерлердин бири бири 30 жаштагы аскер кызматкери Эсентур Кылычбеков. Ал Баткен аймагына өзү кызмат өтөп жаткан Нарын облусунан 12-апрелде жөнөтүлгөн. Эсентур 30-апрелдин тунүндө курман болгон. Анын сөөгү Ат-Башы районунун Ак-Муз айында жерге берилет.

Эсентур Кубанычбеков

***

Өзгөчөкырдаалдарминистрлиги тараткан маалыматка караганда Лейлек районунун Кулунду айылында-2туракүй;Максатайылында- 10 туракүй жана 1 мектеп;

Баткен районунда 9 турак үй; 10 май куюучу жай; 2 ресторан; 8 дүкөн; 1 казино; 1 чек ара заставасы ошондой эле Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү өрттөлдү.

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X