Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери жанданды

3-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 18

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик иштер кайра жанданды. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Тагыраагы, Баткен районунун Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды. Ага Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлери тартылган. Курулушка керектүү техникалар жана жабдуулар толук даяр экени белгиленди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. 2026-жылы Баткен облусунда жалпы 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым каралган.

Мындан тышкары, Ош облусунда 70 чакырым чек араны тосуу мерчемделген. 2025–2026-жылдары жалпысынан 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо пландалууда.

3-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X