Баткенде милиция кызматкерлери селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүштү
2026-жылдын 20-июнунда Баткен районунун Көк-Таш айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Көк-Таш айылынын өзүнө, ошондой эле Дахма жана Эки-Таш участокторуна зыян келтирди.

Табигый кырсыктын натыйжасында Дахма участкасында жана Көк-Таш айылындагы бир катар тургундардын короолорун суу каптап, айрым турак үйлөрдүн ичине чейин сел суусу кирген.
Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жерине барып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүштү. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, жаш балдарды коопсуз жайларга эвакуациялашып, тургундарга керектүү көмөк көрсөтүштү.

Мындан тышкары, эс-учун жоготкон жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Жабыркагандар медициналык мекемелерге жеткирилди.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Эки-Таш участкасындагы Ош–Раззаков унаа жолундагы абалга көзөмөл жүргүзүп турушту. Жол тазаланып, кыймыл үчүн толук коопсуз деп табылгандан кийин гана автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилди.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу жана жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштери улантылууда.