Мунай иштетүүчү чакан заводду ишке киргизүү ушул жылдын май айына пландалган. Завод «Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Лейлек районунда курула тургандыгын Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлады. Завод май айында толук иштеп, 50 миң тоннага чейин мунай иштетет деген эсеп бар. Ал дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарат. Жалпы 40тай киши иш менен камсыз болот.