Баткенде өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашкан долбоорлор текшерилди
Баткен облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы жеринде текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2026-жылы каржыланып жаткан 10 долбоордун жүрүшү талкууланды.
Комиссия мүчөлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгында болуп, фонддун эсебинен алынган атайын техникалар менен таанышты. Ошондой эле Баткен облустук телерадиокомпаниясында эфирдик студияны жаңылоо иштеринин жүрүшү көрүлдү.
Жыйынтыгында долбоорлорду белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.