Баткенде Р6 каналынын 15,5 чакырымы оңдолууда

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 119

Баткен шаарын жана Баткен районунун айыл аймактарын аралап өткөн Р6 каналы оңдолууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери мамлекеттик каржылоо менен 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда 463 млн сомго каналдын 15,5 чакырым аралыгында калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Иштерди 160дан ашык жумушчу жана тийиштүү адистер иш алып барууда. Керектүү техникалар тартылган.

Азыркы күндө 9,8 километр аралыгында каналдын негизин даярдоо аяктап калды жана калган жерлеринде бетондоо иштери жүрүп жатат.

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X