Баткенде республикалык семинар жана «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору өтөт
Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө 17-апрелде жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган республикалык семинар өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулууда. Семинардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дух – дүйнөлүк бийиктик» доктринасы тууралуу жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жаткан «Акыл Майдан» интеллектуалдык долбоору да өткөрүлөт.
Долбоор Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду тарабынан колдоого алынган. Интеллектуалдык таймашка Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген мыкты командалар катышат.
Шартка ылайык, ар бир команда эки айыл өкмөт башчысынан, бир жергиликтүү кеңештин төрагасынан жана үч муниципалдык кызматкерден түзүлөт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган: биринчи орунга — 200 миң сом, экинчи орунга — 150 миң сом, үчүнчү орунга — 100 миң сом берилет.
«Акыл Майдан» долбоору катышуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга, стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, чечимдерди ыкчам жана натыйжалуу кабыл алуу жөндөмүн арттырууга, ошондой эле командада иштөө маданиятын бекемдөөгө багытталган.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Суу-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлүп жатканынын себеби — анын мурда «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүсү болгону менен байланыштуу.