Баткенде селден жабыркаган аймактар калыбына келтирилип, мыйзамсыз курулуштар алынат

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 184

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен шаарындагы селден жабыркаган аймактарды жеринде көрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Сайдыман ажы жана К.Турмаматов көчөлөрүндөгү, ошондой эле Баткен–Ош унаа жолундагы көпүрөлөрдү калыбына келтирүү жана аларды сел сууларын тоскоолдуксуз өткөрүүгө ылайыкташтыруу маселеси каралды.Нет описания фото.

Ошондой эле сел коркунучу бар аймактардагы мыйзамсыз курулуштарды алуу, каналдарды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Эске салсак, 24-июлдагы нөшөрдөн кийин Баткен шаарында сел жүрүп, турак үйлөргө, жолдорго, көпүрөлөргө жана административдик имараттарга зыян келтирген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X