Баткенде селдин курчоосунда калган 5 адам куткарылды

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 276

Бүгүн Баткен шаарынын Жаңы Достук айылынын 1-көчөсүндө сел жүрүп, бир үй-бүлө сел суусунун курчоосунда калды.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүштү.Нет описания фото.

Натыйжада селдин курчоосунда калган 5 адам коопсуз жайга эвакуацияланып, аман-эсен куткарылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X