Баткенде түшүм жыйноо иши кызуу жүрүүдө
Баткен облусунда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо өнөктүгү активдүү жүрүүдө. Быйыл облус боюнча 34 миң 107,7 гектар аянттагы дан эгиндерин жыйноо пландалган. Анын ичинен 12 746,6 гектары буудай, 11 471,1 гектары арпа, калган аянттарга жүгөрү, күрүч жана башка дан өсүмдүктөрү айдалган.
Учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 5 миң гектардан ашууну жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 32-34 центнерди түзүүдө.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Кадамжай районунда болуп, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө түшүмдү өз мөөнөтүндө жана коромжусуз жыйноо, техникалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, жыйналган түшүмдү сактоо жана дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.