Баткенде жаңы футбол аянтчалары пайда болот

16-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 18

Баткен шаарында жана Баткен районунда жалпысынан 10 кичи футбол аянтчасы курулат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, футбол аянтчалары Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен курулат. Курулуш иштерин эки айдын ичинде аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, янтчалар Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгындагы Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы конуштарында, ошондой эле Баткен районунун бир катар айылдарында курулат.

16-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X