Баткенде жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады
| Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады |
| 08.05.2021 |
| Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда Президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулат.Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат. |