Баткенде жабыркагандардын саны 189 адамга жетти

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын журналисттерге берген маалыматына ылайык, Баткен облусундагы чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 189, курман болгон адамдардын саны 36га жетти. Учурда ооруканаларда 100 адам дарыланып жатат,  Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген болсо, Баткен облусундагы бейтапканаларда жалпы 41 киши дарыланууда. Маалым болгондой, калган бейтаптар амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда.

Ализа Солтонбекованын айтымында,  Баткенде учурда  81 медициналык кызматкер жана 20 психолог иштеп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X