Президент Садыр Жапаров Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы бул долбоор Кыргызстандын электр кубатын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, координацияланган аракеттер алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө умтулуубуздун жана туруктуулугубуздун натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деген ишенимин билдирди.
«САSA-1000» жай мезгилинде (май айынан сентябрга чейин) Кыргызстан, Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор. Анан алкагында жогорку чыңалуудагы электр станцияларын куруу пландаштырылууда.
«CASA-1000» долбооруна катышып жаткан өлкөлөр жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук подстанцияларды курушу керек.
Расмий маалыматка ылайык электр чубалгыларынын 455 чакырымы Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймактарын кесип өтөт.
Долбоордун наркы 1,1 миллиард доллар. Анын ичинен 200 миллион долларын Кыргызстан Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкынан алган насыялык каражат түзөт.
Кыргыз бийлиги долбоордон Кыргызстан жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын киреше алаарын, 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саат болорун билдирди.