Баткенде жүргүнчү ташуунун жаңы тарифтери талкууланып, окуучуларды ташуу боюнча тапшырмалар берилди

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 40

Баткен облусунда жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин бекитүү жана окуучуларды коопсуз ташууну уюштуруу маселеси каралды.

30-сентябрда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөн жумушчу топтун жыйынына өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, район акимдери, шаар мэрлери жана жүргүнчү ташуучу ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында коомдук транспорттун учурдагы абалы, жол кире тарифтери жана калк менен айдоочулардын кызыкчылыктарын эске алуу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында жаңы тарифтер боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, окуучуларды коопсуз жана үзгүлтүксүз ташуу маселесине көңүл бурулду. Маршруттук каттамдарда окуучуларды жолдон албай кеткен айдоочуларга эскертүү берилип, мындан ары балдарды алып кетүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X