Баткендиктерге кошумча пенсия 10-марттан тарта төлөнө баштайт

9-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 50

Баткендиктерге кошумча пенсия 10-марттан тарта төлөнө баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева Баткен облусундагы пенсионерлерге 2 миң сомдон кошуп берүү маселеси кандай жүрүп жатканына кызыгып, суроо берди.

«Баткен облусунда кошумча пенсия ала турган 13 миң 500 пенсионер болду. Жалпысынан жылына 335 млн сом сарпталып жатат. Кошумча төлөмдөр 10-марттан тарта төлөнө баштайт», — деди Алиев.

9-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X