Баткендин 3 айыл өкмөтүнө өзгөчө абал режими киргизилди

29-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 19

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдирүүсүнө караганда, Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө абал режими киргизилди.

Маалыматка ылайык, 28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилген. Учурда тургундар эвакуацияланып жатат.

Кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы белгилүү болгон.

29-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X