"Эркин-Тоо"

Баткенге 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыздаган жаңы канал курулат

Кечээ, 11-майда, КР МКнын Төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналын куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Долбоор Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган. Анын курулушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берери айтылууда.

Белгилей кетсек, долбоордун жалпы баасы 3 млрд 72 млн сомду түзөт. Учурда республикалык бюджеттен 650 млн сом бөлүндү.