Баткенге министр менен медиктер учуп кетти
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Баткенге саламаттык сактоо министри, 2 хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, жаак-бет хирургу, 2 анестезиолог-реаниматолог жана травматолог учуп кетти. Медиктердин тобу Улуттук госпиталь жана Бишкек шаардык травматология , ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистеринен куралды. Алдын ала маалымат боюнча, алар Исфана шаарына барышат.