Баткенге жөнөтүлгөн гумжардам тууралуу өкмөттүн билдирүүсү
Баткен облусуна жиберилген гуманитардык жардам: бардык жардам чогултуу түйүндөрүнөн жана Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында уюшулган «Баткенге көмөк» штабы тарабынан төмөнкүлөр жөнөтүлдү:
— ун – 58, 035 тонна
— өсүмдүк майы – 4 116, 46 литр
— күрүч/гречка – 12 123 кг
— макарон – 21 807 кг
— кумшекер – 14 256,6 кг
— картошка – 55,5 тонн
— пияз, сабиз, капуста – 4 318 кг
— кургатылган жемиштер – 3 кг
— конфет, печенье – 486, 6 кг
— туз, чай, ширеңке – 3 848, 87 таңгак
— консервацияланган продуктулар – 2 140 даана
— жеке гигиена каражаттары – 5 302 даана
— памперстер — 166 таңгак
— оюнчуктар — 10 даана
— жууркан, жаздык, шейшеп – 725 даана
— матрастар – 24 даана
— кийим-кече – 1 298 даана
— эт – 100 кг
— нан – 4 526 даана
— дары-дармек –642 миң сом суммасында
— шире, суусундуктар – 1 573 даана
— күйүүчү-майлоочу майлар – 20 тонна.