"Эркин-Тоо"

«Баткенге жардам» штабы түзүлдү. Байланыш телефондору

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, Өкмөттүн алдында «Баткенге жардам» штабы түзүлдү. Анын айтымында, штаб Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашты.

«Жардам берүүнү каалагандар, гуманитардык жардамды Баткенге коопсуз жеткирүү үчүн штабга кайрылсаңыз болот «, — деди Солтонбекова.

Штабдын байланыш телефон номерлери: 0558 98 88 88 , 0705 15 13 00

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!