Батыш Африкада Марбург вирусунун биринчи учуру тастыкталды
ДССУ Батыш Африкадагы Гвинея өлкөсүндө Марбург вирусунан биринчи өлүм катталганын билдирди.
2-августта Гекеду префектурасында каза болгон бейтаптан табылган вирус COVID-19 сыяктуу жарганаттан адамга жугуп, анын өлүмү 88%ды түзөт.
ДССУ вирусту улуттук жана аймактык деңгээлде чоң коркунуч жаратаарын маалымдады.
Марбург вирусу көбүнчө Роузет жарганаттары аркылуу адамга өтүп, кийин оорукчан адамдын дене суюктуктары аркылуу башкаларга жугат.
Вирус аныкталган жерде ДССУнун он эксперти иштеп баштады. Мүмкүн болгон учурларды тез арада аныктоо үчүн чек ара көзөмөлү дагы күчөтүлгөн.
Марбург вирусу мындан мурун Түштүк Африканын Ангола, Кения, Уганда жана Конго Демократиялык Республикасында катталган.