Базар-Коргон районунун акими алмашты
Бүгүн, 31-мартта, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Талантбек Эдилов кызматынан бошотулду.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын ордуна Алтынбек Бектуров дайындалды.
Эскерте кетсек, Алтынбек Бектуров буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп эмгектенип келген.