Базар-Коргондо 188 млн сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер мыйзамдарынын одоно бузулганы аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек–Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы калктуу конуштардын жер категориясына кирген 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өткөрүлүп берилгени белгилүү болгон.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы баасы 187 млн 876 миң сомду түзгөн жер тилкеси кайрадан толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

Бул аракеттер жер ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана мамлекеттик-мүлктүк кызыкчылыктарды коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылды.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X