Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана TUU media өлкөнүн жети аймагын камтыган ири концерттик долбоорду ишке ашырууну баштады. Долбоор заманбап кыргыз музыкасын жайылтууга, жаш таланттарды колдоого жана аймактардагы жаштар үчүн маданий жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.
Маалыматка ылайык, концерттик тур Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү” жана “Улуттук нарк” тууралуу жарлыктардын алкагында уюштурулууда.
Турдун алгачкы концерти 20-май күнү Баткен шаарындагы А. Сапаров атындагы борбордук стадион өтөт. Иш-чарада Бегиш, Freeman993, Bakr, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI, KAIBAR жана Emir Aga сыяктуу белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт.
Концерттердин графиги:
20-май — Баткен
26-май — Ош
2-июнь — Манас
8-июнь — Талас
17-июнь — Нарын
23-июнь — Каракол
30-июнь — Бишкек
Уюштуруучулар белгилегендей, бардык концерттер көрүүчүлөр үчүн толугу менен акысыз өткөрүлөт. Ошондой эле иш-чаралардын коопсуз жана жогорку деңгээлде уюштурулушу үчүн жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте даярдыктар көрүлүүдө.