Бейшенбек Абдразаков: «Курултайда көтөрүлгөн маселелердин 60-70% чечилет, бирок делегаттардын макамы чечилбей келет»

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 137

Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү чечилип, анын жыйынтыгын эл мектеп, бала бакча, жол, суу жана электр энергиясы сыяктуу тармактардан көрүп жатканын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков билдирди. Анын айтымында, бирок делегаттардын макамы тууралуу мыйзамдын кабыл алынбай жатышы  бир нече курултайдан бери чечилбей келе жаткан негизги маселелердин бири.

— Бейшенбек мырза, Элдик курултайда делегаттар көтөргөн маселелер бүгүнкү күндө ишке аша баштады деп айтууга болобу? Эл кайсы сунуштардын жыйынтыгын жеринен сезе баштады?

— Элдик курултайда ар бир жолу 2-3 миңдей көйгөй көтөрүлөт. Алардын болжол менен 60-70 пайызы аткарылат. Аткарылбай калган маселелер кийинки курултайда кайра көтөрүлүп, чечилмейинче айтыла берет. Бүгүн эл социалдык маселелердин чечилип жатканын жеринен көрүп, сезип жатат. Өзгөчө мектеп, бала бакча, жол, таза суу жана электр энергиясы боюнча иштерди белгилесек болот.

-Курултайда айтылган сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө кандай жүрүп жатат? Делегаттарга берген сунуштары боюнча  маалымат берилип турабы?

— Курултайда айтылган сунуштар боюнча ар бир министрликте жана мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматкерлер дайындалган. Алар курултай учурунда сунуштарды жазып алып, тиешелүү иштерди жүргүзүшөт.

Бирок делегаттардын өздөрү сунуштарды бир жыл бою көзөмөлдөй албайт. Анткени, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, делегаттардын макамы курултай аяктагандан кийин токтойт. Башкача айтканда, эки күндүк иш менен эле алардын макамы бүтүп калат.

-Элден келген көйгөйлөрдүн ичинен азыр да кечиктирилгис чечүүнү талап кылган кайсы маселе бар?

-Төрт курултайдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келе жаткан негизги маселелердин бири — делегаттардын макамы жөнүндө мыйзам кабыл алуу. Бул боюнча Жогорку Кеңешке бир нече жолу кайрылууларды жөнөттүк. Мурунку чакырылыштагы депутаттарга да, азыркы депутаттарга да маселени жеткирдик. Бирок мыйзам кабыл алына элек.

Азыр деле мурдагыдай эле курултай аяктаган соң делегаттардын макамы эки күндөн кийин токтойт.

— Сиздин оюңузча, делегаттардын макамын узартуунун зарылдыгы эмнеде?

— Курултайдын делегаты бир гана жыйынга катышуучу адам болбошу керек. Ал эл менен иштешип, аймактарды кыдырып, көйгөйлөрдү угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, анын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү болушу зарыл. Азыр делегаттын мындай ишти бир жыл бою жүргүзүшүнө укуктук макам да, акы төлөнүүчү мүмкүнчүлүк да жок. Курултай бүттү  делегаттын макамы да бүттү. Ошондуктан бул маселени мыйзам деңгээлинде чечүү зарыл деп эсептейм.

 

Чынайым Кутманалиева

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X