Бекбатыр БУЗУРМАНОВ: “Токой аянттарын кеңейтип жатабыз”

7-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Бекбатыр БУЗУРМАНОВ

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын айтымында, бул көчөттөрдүн 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсү болжолдонууда. Эске салсак, учурда өлкөдө Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жашыл Мурас” улуттук программасы, ошондой эле “Жашыл Кыргызстан” программасы ишке ашырылууда. Былтыр бул программанын алкагында 8 млн көчөт отургузулган. Биз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Бекбатыр Бузурмановго кайрылып, өнөктүк тууралуу суроо узаттык.

— Бекбатыр Марсович, өткөн жылы өлкөдө “Жашыл Мурас” улуттук программасы башталып, көчөттөр отургузулган. Алардын канчасы көктөп кете алды?

— Былтыр апрель айынан тарта 8 миллиондон ашык көчөт отургузулган. Күздө инвентаризациялоо жүргүзүлүп, көчөттөрдүн 70 пайызы көктөгөндүгүн эсепке алганбыз. Көчөттөрдүн канчасы көктөп кете алгандыгын, жаздын келиши менен дагы бир жолу эсепке алабыз. 2021-жылы 699 гектар жерге көчөт тигилип, токой фондусунун жашыл аянттарын кеңейтүү максатында тапшырмалар берилип, план 104 пайызга аткарылган. Бул жылы да планды ашыгы менен аткарабыз.

— Көчөттөр кайсыл жактан алынат?

— Өзүбүздүн токой чарбаларыбыздан, мамлекеттик жаратылыш парктарынан жана жеке питомниктерден алынган көчөттөрдү отургузуп жатабыз.

— Кандай көчөттөр отургузулууда?

— Басымдуу бөлүгү ийнежалбырактуулар, бадалдуу өсүмдүктөр жана мөмөлүү бакдарактар да бар.

— Быйыл канча көчөт отургузуу пландалууда?

— 2023-жылы 8,5 млн, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9,5 млн даана көчөт отургузуу пландалган. — Отургузулган көчөттөрдүн 70 пайызы көктөп, калгандары куурап калгандыгына эмне себеп болууда? — Жаратылыш шарттарына байланыштуу куурап калды. Былтыр көчөттөрдүн көбү Чүй облусунун аймагына отургузулган. Баары көзөмөл астында болгону менен айрымдары көктөп кете албай куурап калды.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы

7-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X