Бекболот Талгарбеков: «Агрардык реформанын экинчи этабы улантылбай калган»

Кыргыз Республикасынын агрардык тармагынын да өзүнө таандык басып өткөн тарых-таржымалы бар. СССРдин тушунда өлкөбүздүн айыл чарбасына көп көңүл бурулуп, ар тараптан жардамдар көрсөтүлүп келген. СССР кулап, ар бир республика өз алдынча эгемен мамлекет болуп жарыялангандан кийин өз алдынча жашоо кечирүүгөөтүшкөн. Мына ушул оош-кыйыштуу кыйын мезгилде Кыргыз Республикасы демократиялык багытты карманып, саясий жана экономикалык реформаларды чечкиндүү жүргүзө баштаган. Натыйжада социализмдин коомдук менчик түшүнүгү артка сүрүлүп, рынок экономикасына өткөрүү процесси жүргөн. Албетте, бул жалпы иш-аракеттен айыл чарба тармагы да четте калган эмес. Мына ошол эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы агрардык реформаны баштоонун жана аны жүзөгө ашыруунун башатында тургандардын бири — Бекболот Талгарбеков. Ошондуктан, бүгүн биз ал агрардык реформага баруунун зарылдыгы, тоскоолдуктары, кемчиликтери жана ийгиликтери тууралуу айыл чарба реформатору Б.Талгарбековдун өз оозунан угууну туура көрдүк.

— Бекболот Талгарбекович, айтыңызчы, коңшу мамлекеттердин ичинен биринчи болуп агрардык реформа жасоого баруунун кандай тарыхый, саясий, социалдык зарылчылыктары бар эле?

— Бул маселени туура түшүнүүүчүн сөзсүз СССРдин өткөн тарыхына бир кылчая карашыбыз керек. Анткени, агрардык реформа менен СССРдин өнүгүү тарыхын өз-өзүнчө бөлүп кароого дегеле болбойт. Эмесе, бул айткандарымды чечмелеп берейин. Большевиктер бийликке келгенден кийин айыл чарба жаатында продразвёрстка саясатын жүргүзгөн. Анда дыйкандардын продукциясы мамлекетке күч менен тартып алынчу. Бул саясат ачарчылыкты жараткан.Андан кийин жаңы экономикалык саясат (орусча – НЭП деп аталган) 1924-1929-жылдарга созулган. Мында дыйкандарга эркиндик берилген, азык-түлүк салыгы киргизилген, кооперативдер өнүккөн. Айыл эли өсүү жолуна түшкөн. Бирок, бул рынок экономика жолу социализмди куруу идеясына туура келген эмес. Ошондуктан,1929-жылы сталиндик колхоздоштуруу саясаты башталган. Ачарчылык Повольжени, Украинаны, Казакстанды каптап, беш миллиондон ашык адам кырылып калган. Бирок, ошол учурга жараша колхоздоштуруу саясаты туура болгон. Себеби, СССР үчүн кеңири индустриалдаштыруу жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, армияны чыңдоо саясатын алга жылдыруу зарыл болчу. Анын аркасында Улуу Ата Мекендик согушта совет эли жеңишке жетишкенин эстен чыгарууга болбойт. Хрущевдун заманында азык-түлүк кризиси каптап,кайраданөлкөдө ачкачылык өкүм сүргөн. Брежневдин тушунда 1964-жылы КПСС БКнын март пленумунда айыл чарба тармагын электрлештирүү, механизациялаштыруу, жер семирткичтер менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү маселелери көтөрүлгөн. Ошондон кийин айыл-кыштактарда зор өзгөрүүлөр башталган, жашоо-турмуш жагдайлары оңолгон. Айыл чарбасына зор өлчөмдөгү каражаттар дотация түрүндө багыттала берген. Натыйжада, 80-жылдары кризис күч алып, колхоз-совхоз системасы өзүн актабай тургандыгы белгилүү болгон. Бирок, СССР жетекчилиги бул чындыкты элден жашырган.

 — Кандайча?

— СССРдин кулашынын эң башкы себеби – бул совет бийлигинин айыл чарбасына ири көлөмдөгү дотациялык каражаттарды жумшай бергенинен уламөлкө экономикалык оор кризиске дуушар болгонун белгилей кетүүбүз керек. Мындай сарамжалсыз мамиле жасоонун, зор чыгашалуу колхоз-совхоздорду кармап туруунун акыр-аягы баары бир СССРдин түбүнө жетээри бышык болуп калган. Сөзүм куру болбошу үчүн айрым бир фактыларга, салыштырууларга токтолуп кетейин. Ошол кезде АКШда 230 млн адам жашаса, фермерлеринин саны 3 млн адамды түзгөн. Алар өз өлкөсүн айыл чарба продукциялары менен жетиштүүөлчөмдө камсыз кылышып, атүгүл экспортко да чыгарып турушкан. А СССРдин калкы 270 млн болуп, айыл чарбасында 45 млн адам иштеген. Ушунча адам эмгектенгенине карабастан өз элин азык-түлүк менен эч убакта жетиштүү түрдө толук камсыз кыла алган эмес. Буга бир мисал келтирейин. 1970 — 1980 — жылдары СССР АКШдан ондогон миллион тонна эгин алып турган. Бул он жылдык америкалык фермерлердин “алтын доору” деп аталат. АКШнын президенти Дж. Картер1980-жылыОоганстанга СССРдин аскерлеринин киргенине байланыштуу эгин экспорттоону токтоткон. Бул азык-түлүк менен камсыздоого терс таасирин тийгизгендиктен СССР өкмөтү1982-жылы “Азык-түлүк программасы” деген план кабыл алууга аргасыз болгон. Мына ушул программа улуу державанын кулашына пайдубал түзүп берди. 1990-жылдары СССР ачарчылыктын чегине, терең кризистин кургуйуна жетип калган болчу. Буга да бир мисал келтирейин. СССР менен өнүккөн өлкөлөрдүн айыл чарба өндүрүштөрүн салыштыра турган болсок, АКШда, Улуу Британияда айыл чарба продукциясын өндүргөн бир адам 80-90 кишини, Европада орточо 50-60 адамды камсыз кыла алса, а СССРде болсо 13 гана адамды бага алган. Көрдүңүзбү, мындай кадам менен айыл чарбасы эч убакта бутуна тура алмак эмес жана сөзсүз түрдө чоң кризиске кириптер кылмак. Ошол эле мезгилде, 1978-жылыкоңшу Кытай мамлекетинде улуу реформатор Дэн Сяопин агрардык реформаны баштаган. Анын аркасында үнөмдөлгөн каражатка эркин экономикалык аймактарды ачкан. Мына ошолор Кытайдын болочоктогу рынок мамилелеринин негизин түзгөн. Эгерде СССР да аталган мезгилде Кытайдагыдай агрардык реформага барганда абал башкача болмок.

— СССРден эми эгемен Кыргыз Республикасындагы кырдаалга өтөлү. Биздеги абал кандай эле?

 — Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мурдагыдай СССРден берилип туруучу дотациялардын баары токтогондуктан, ар бир тармакты андан ары кармап калуу жана өнүктүрүп кетүү оор кыйынчылыктарга туш боло баштаган. Бул айыл чарбасына зор залакасын тийгизген. 1991-жылдагы эгемен өлкөбүздүн бюджетинин киреше бөлүгү 2,1 млрд рубль болгон. А өлкөдөгү бардык колхоз-совхоздорду минималдуу иштетип турганга эле 16 млрд рубль талап кылынган. 1990-жылы Кыргыз ССРин коммунисттик партия башкарып турган. Ошол жылы эле бартерге алмашылып, ж.б. жагдайлар менен 2 миллиондон ашык койдон кол жуудук. Ушундай баш аламандыктар андан ары да улана берген. 1992-жылы айыл чарба министрлиги жасаган эсептөөлөр боюнча бир койду бир жыл бакканга 4 миң рубль сарпталган. Ал эми бир койдун ошондогу базар баасы 1 миң рублди түзгөн. Демек, кой баккандар мамлекетти бакмак түгүл, өзүлөрү чоң чыгым тарта баштаган. Ошентип, колхоз-совхоздор өнүкмөк түгүл, болгон мал-мүлктөрүнүн баарын чыгымдарын жабууга, ж.б. чарбалык муктаждыктарга жумшай берүүгө, сатып түгөтүүгө аргасыз болушкан. Анткени, мамлекеттен каржы да, дотация да, башка да жардамдар берилбей калган. Айыл чарба министрлиги болсо акча, күйүүчү-майлоочу май, үрөн, техника, ж.б менен камсыз кылууну үстөккө-босток сурай берген. 1992-жылы “легендарлуу” парламент экономикалык реформа жүргүзүү боюнча чечим кабыл алып, анын аткаруучу органы кылып Мамлекеттик мүлк фондусун бекиткен. Бул фонд адегенде совхоздорду жана андан кийин колхоздорду акционердик коомдорго айлантып, сатышкан. Бул россиялык реформатор Анатолий Чубайстын модели болгон. Натыйжада, айрым байлар бүтүндөй чарбаларды сатып алышкан. Айтор, айыл чарбасындагы абал мышык ыйлаарлык деңгээлге чейин түшүп, кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды жасоонун зарылчылыгы бышып жетилип калган болчу.

— Демек, мезгил өзү агрардык реформа жасоого барууну шарттаган экен да?

— Ооба. 1991-1994-жылдарды агрардык реформа жасоо үчүн күрөшүү жылдары болду десек болот. Буга катуу каршылык көрсөтүлүп, эски менен жаңы мамилелердин айыгышкан күрөшү жүрүп турган. Мына ошол оош-кыйыш 1993-жылы президент Аскар Акаев айыл чарба министрлигининжетекчилерин отставкага кетирип, мени министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындап, мага айыл чарба реформасын жүргүзүү документтерин даярдап, жол-жобосун иштеп чыгууну тапшырган. Натыйжада, 1994-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жер жана агрардык реформаны жүргүзүү жөнүндөгү” тарыхый Жарлыгы чыкты. Ага ылайык айыл элине жер, мүлк үлүшү жана чарба жүргүзүү эркиндиги берилген. Айыл  реформасын турмушка ашыруу милдети Мамлекеттик мүлк фондусунан алынып, айыл чарба министрлигине жүктөлгөн. Реформага бут тосуулар көп болгондугуна карабастан алдыга коюлган милдеттерди аткарууга бардык күч-аракеттерибизди жумшап, жакшы да, жаман да көрүндүк. Ошондой болсо да келечекти көздөө менен туура багытта бара жатканыбызга ишеним чоң болгон. Ошентип, айыл чарбасына реформа жүргүзүүнүн биринчи этабы 1994-1998-жылдарды камтыды.

— Биринчи этаптагы реформаны жүзөгө ашыруунун мыкты жактарына жана айыл элине түзүп берген ыңгайлуу шарттарына токтоло кетсеңиз?

— Биринчиден, теңчилик болду. Айылда жашагандарга жер, мүлк үлүштөрүн алууда бирдей укук берилди. Экинчиден, дыйкан-фермерлерге чарба жүргүзүүгө, каалаган продукциясын эгүүгө, өндүргөн продукциясына ээлик кылууга, өз алдынча сатууга эркиндик берилди. 1996-жылы бирдиктүү жер салыгы киргизилди. Ага чейин колхоз-совхоздордо салыктардын 13-14 түрү болгон. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба салыгы – дүйнөлүк  эталон. Муну министрдин милдетин аткарып турганымда академик Аман Мамытов менен бирге иштеп чыкканбыз. Салыштырып көрүңүз, өлкөдөотуз жылда башка салык системаларын жакшыртканга эле 30 млн доллар сарптады. А бирдиктүү жер салыгы болсо ошол бойдон өзгөртүлбөй келе жатат.

Ошондой эле, мыкты айыл чарба каржы системасын түзүүгө жетиштик. Мурда айыл чарбасын “Агроөнөржайбанк” каржылап турган. 1990-1995-жылдары андан берилген кредиттердин кайтарымы 0,4 пайыз болгон. Биз 1996-жылы “Кыргыз айыл чарба корпорациясын” Франциянын айыл каржы системасынын тажрыйбасын колдонуу менен түздүк. “Агроөнөржайбанк”  жоюлду. Аталган корпорациядагы кредиттердин кайтарымы 95 пайыздан ашты. Бул корпорация кийин “Айылбанк” болуп өзгөртүлдү.

1998-жылы Кыргызстанда айыл чарба (айдоо) жерине жеке менчик институту киргизилди. Ал дагы тарыхый чечим болгон! 2000-жылы айыл чарба жерлерине жер рыногу системасын киргизген мыйзам кабыл алынды. Эми дыйкандар жеке менчик жерин өз алдынча пайдалануу, сатуу укугуна ээ болушту. Бул мыйзам да дүйнөлүк эталон.

— Ар бир иште, анан калса ушундай чоң масштабдагы реформа жүргүзүүдө кемчиликтер болбой койбойт эмеспи. Сиздин оюңузча ал мүчүлүштүктөр кайсылар деп эсептейсиз?

— Биринчи этаптын эң биринчи кемчилигине токтолсом, ал кездеги реформанын негизги аткаруучулары – чарба жетекчилери, башкы агроном, башкы зоотехник, башкы ветврач, башкы экономист, ж.б. бардыгы тең коммунисттер болушкан. Алардын көпчүлүгү реформага барууну каалашпады, тоскоолдуктарды жаратышты, бут тосуулар көп болду. Анткени, ал кезде өлкөдө коммунисттик партиядан башка саясий күчтөр жок болчу. Экинчи кемчилиги – ал реформаны асыл тукум малөстүрүүчү жана үрөн чарбаларынан баштоо зарыл эле. Бирок, айрым атактуу популисттер аталган чарбалар “реформаланбасын” деген жобону Өкмөттүн токтомуна киргиздирип алганга жетишишкен. Ошондон улам ал чарбалар узак убакытка созулган кыйроолорго, таланып-тонолууларга дуушар болушту. Чынын айтсам, биз реформаторлор бул маселеде популисттерге жеңилип калдык. Жогорку Кеңеш 1995-жылы алчарбаларга 30 млн сом (азыркы күнү 600 млн сом) дотация бөлүп берген. Анын баары кумга суу куйгандай жок болду. А жыйынтыгында популисттер “мына, реформаторлордун кылганы” деп четке чыгып баса беришти. Үчүнчү кемчилиги – Чүй облусунун жетекчилери агрардык реформага зор каршылык көрсөтүштү. Чүйдө негизинен “бириккен дыйкан чарбалары” (ОКХ) түзүлдү.Колхоз-совхоздордун шапкеси гана алмашты. Бирок, маңызы өзгөргөн жок. Натыйжада, Чүйдөгү чарбалар бара-бара толугу менен банкрот болду. Чүйдүн жетекчилери да “бул реформаторлордун жасаганы” дешип бизге шылтап салышты. Алар учурунда Канттагы “МИС” чарбасын үлгү, модель кылып жылына семинар өткөрүшчү. Соңунда ал чарба да банкрот болуп, бир көпөскө сатылып кетти. Ошондой эле 1995-2015-жылдары Чүй облусунда болжолу менен 50-60 миң гектар айдоо жерлери айылдыктарга үлүшкө берилбей, жалаң аткаминерлерге берилген. Бул акыбал ушул күнгө чейин сакталып келе жатат.

— Агрардык реформаны жүргүзүүдөн биз кандай утуш алдык, кандай жетишкендиктерге эгедер болдук?

— Агрардык реформанын жетишкендиктери,өлкөгө берген жемиштери көп болду. Негиздүүлөрүнө гана токтоло өтөйүн. Эгерде Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздору бюджеттин кирешесинен кеминде он эсе көп дотация алып келишсе, агрардык реформадан кийин эркин дыйкандар мамлекеттен бир сом да дотация алышпайт. Элестетели, эгер 1994-98-жылдары айыл реформасы жүргүзүлбөй, колхоз-совхоз системасын сактап калсак, анда өкмөтүбүз айыл чарбага жылына кеминде 500-600 миллиард сом дотация берип турушу керек эле. Эми муну түшүнбөгөндөр дагы эле бар. Өзгөчө шаардык интеллигенция бул жагдайды дегеле түшүнбөйт экен. Андан көрө айылдыктар толук түшүнүп калышты.

Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорду башкаруу тутумунда 65 миң адам эмгектенген. Булар “ак жакалуулар” – башкаруу, текшерүү, ж.б. органдарындагы кызматкерлер. Орустун макалы менен айтканда “один с сошкой, а семеро с ложкой” болгон. Учурда болсо айыл чарбасын башкаруу тутумунда бир миңдей гана адам эмгектенет. Кыргыз ССРиндеги колхоз-совхоздорго салыштырмалуу азыркы кезде малдын шарттуу башы 1,5 эсеге көп. Кыргыз ССРинде жылына 500 миң тонна буудай өндүрүлчү. Калган жетишпеген көлөмүн Россиядан, Казакстандан алчу. Биздеги агрардык реформанын биринчи этабынын соңунда, 1998-жылыөлкөдө 1 млн 200 миң тонна буудай өндүрүлүп, анын 200 миң тоннасы ашык болуп калган. Кийин дыйкандар жылына 1 млн тоннадан буудай өндүрүп калышты. Тилекке каршы,кийин айыл чарба саясаты аксап, 2012-жылдан тартаөлкөдө жылына 500-600 миң тонна гана буудай өндүрүлүп келет. Калганы Россиядан, Казакстандан импорттолуп калды. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда жылына 300 миң тонна картошка өндүрүлчү. Аны жыйноого миңдеген студенттер жардамга тартылчу. Ал жыйналган картошканын 20 пайыздайы чирип кетчү. Эгемен өлкөбүздөэркин дыйкандар жылына 1 млн 500 миң тонна картошка өндүрүшөт. Бир да студент картошка жыйноого тартылбайт. Чириген бир картошка көрбөйсүң.

Жакында эле аравандык бир дыйкан жигит теледен сүйлөп: “бир сотых жеринен жылына 100 миң сом табаарын” жарыя кылды. Бир сотых жер – бул айылдагы тамдын эле аянты дегенди билдирет. Дагы бир телекөрсөтүүдө берилгендей, канттык бир дыйкан бир асыл тукум кочкорун 50 миң долларга сатпай койгон. Мындай мисалдарды келтире берсек абдан көп. Жеке менчик, эркин чарба жүргүзүү адамдарды ишти сарамжалдуу, үнөмдүү, сапаттуу жүргүзүүгө, өтүмдүү, суроо-талабы күч продукцияларды гана өстүрүүгө, чарба жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын, прогрессивдүү технологияларды өздөштүрүүгө түртөт, тарбиялайт. Өткөн чейрек кылымдан бери кыргыз айыл калкы казак айыл калкына караганда эки эсеге, өзбек, тажик айыл калкынан үч эсеге, орус, түркмөн айыл калкынан төрт эсеге жакшы жашап келишет. Мисалы, газ ресурсу зор Түркмөнстанда эли ачарчылыкта жашайт. Негизги азык-түлүктөр карточка менен берилет. Тажикстандын айрым аймактарында да ачарчылык. Дүйшөмбү шаарында эт жетишпей, мушташтар орун алат.Өзбекстан чала-була реформа жасаган. Бирок, фермерлерге өкмөт план берет. Аткарбаса алар соттолушат. План аткара албай өз жанын кыйгандар бар. Казактарда өткөн отуз жылда үч жүз айыл түп орду менен жок болду. Дагы 1500 айыл жоголуу алдында турат. Өлкөдөгү эгиндин түшүмдүүлүгү  Африканын артта калган өлкөлөрүнүн деңгээлине түшкөн. Жаңы Россиядагыдай айыл жеринин кыйроосу орустардын миңдеген жылдык тарыхында болгон эмес. Өткөн отуз жылда орустардын жүз миң айылы жок болду. СССР жоюлганда (1991-ж.) Россияда 639 миллион гектар айыл чарба багытындагы жер аянты болгон. Өткөн отуз жылда анын 256 миллион гектары жок болду. Бул аянт Франциянын жалпы аянтынан төрт эсе көптүк кылат экен. Дагы 44 миллион гектар жерин куурай, отоо чөп басып жатат. Ырас, кыргыз айыл элинен эки эсе жакшы жашаган эл да бар. Ал – белорус айыл эли. Бирок, өткөн отуз жылда Беларусь мамлекети айыл чарбасына 60 миллиард доллар дотация берди. Айыл эли СССРдегидей эле мамлекеттин эсебинен жашап келе жатышат.

Жогоруда айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Эң башкысы – эгемендүү Кыргыз мамлекетин айыл эли багып, сактап келе жатат. Эгемендүүлүгүбүздү сактоонун башкы уюткусу ошол айыл жеринде сакталып келет. 1990-жылга салыштырмалуу учурда айыл чарба продукциясын өндүрүү эки эсеге көбөйгөн. Ал эми өнөр жай тармагыбыз айтылып жаткан жылга алып караганда, 25 пайызды гана түзүп калды.

— Айыл жеринин учурдагы өксүктөрү кайсында турат деп ойлойсуз?

— Баарынан өкүнүчтүүсү – айыл реформасынын биринчи этабы андан ары улантылбай калды. Дээрлик 23 жылдан бери айыл реформасынын экинчи этабы жасалбады. Натыйжада, менчик ээси болгон дыйкандар өздөрү ысыкка күйүп, суукка тоңуп, өз маселелерин өздөрү чечип келе жатышат. Мамлекеттин агрардык саясаты, айыл элине жардамы дээрлик жок. Агрардык реформасынын экинчи этабынын негизги маңызы эмнеде турат? Ал боюнча эркин дыйкан-фермерлер жерди иштетүү жана малды багуу менен гана аракеттениши керек. Ал эми дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар, техника, ж.б. менен толук жабдуу, дыйкан-фермерлердин өндүргөн продукцияларын пайдалуу сатып берүү, натыйжалуу кайра иштетүү, экспорттоо жана аларга жакшы кызмат көрсөтүү (ветеринардык, үрөнчүлүк жагынан, ж.б) сыяктуу иштердин баарын мамлекет уюштуруп берүүсү зарыл болчу. Бул иштер жасалбай, айылдыктар дагы эле бекем буттарына туруп кете албай келишет. Эми жаңы түзүлгөн өкмөт бул маселелерге көңүл буруп, аларды натыйжалуу чечип берет деп үмүт кылалы.

— Эгемендиктин отуз жылында айыл чарба министрлигин отуздай адам жетектептир. Алардын арасынан жалгыз сиз бир күн да министр болбоптурсуз. Сиз болгону эки жыл министрдин милдетин аткаруучусу кызматын аткарыпсыз. Бирок, ошол отуздай министрлерден айырмаланып, сиз кыргыз айыл элине жаңы жол чаап бердиңиз. Ал жол – эркин чарбачылыктын жана жерге, мүлккө, малга, техникага, өндүргөн продукцияга өзүмдүк менчик кылуу жолу. Сиз  чапкан жолдо жалкоолор, жатып ичээрлер, ичкиликке жакындар, түшүнүгү, билими тайкылар сизди тынымсыз жектеп келишет. Ал эми эмгекти сүйгөн, жеке жоопкерчилик, тобокелчиликтен коркпогон, тартынбаган айылдыктар, кеңири ойлонгон прогрессивдүү инсандар сизди кадырлап-барктап келишет. Бар болуңуз, урматтуу кыргыз айыл реформатору.

— Рахмат иним.

— Маегибиздин соңунда реформа темасынан жагымдуу майрамдык маанайгаөтөлү. Буга чейин “Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлигинин кызматкерлеринин күнү” болуп майрамдалып келсе, эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-октябрындагы №200 токтомуна ылайык 20-октябрь мындан ары “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү” катары белгилене турган болду. Ошондуктан, алдыдагы кесиптик майрам күнүнө байланыштуу кандай каалоо-тилектерди айта кетесиз?

— Өлкөбүздүн агроөнөр жай кызматкерлерин эртең белгилене турган кесиптик майрамдары менен куттуктоо мен үчүн сыймык жаратат. Ушул тармакта бел чечпей эмгектенип келе жатышкандардын бардыгына чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнүн урматындагы маңдай тер төгүп иштеген эмгектеринин акыбеттерин көрө берүүлөрүн, байгер жашоолорун жана агрардык реформанын андан ары улантылып, аягына чейин чыгарылышын каалайм.

Таалайбек ТЕМИРОВ

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст