Бекболсун Асанкулов, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы: Инфратүзүмдөрдү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда

18-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 135

-Бекболсун Сатаркулович, Таш-Мойнок айыл өкмөтү жарым жылдыкка карата өзүнүн алдына койгон милдеттерди кандай жыйынтыктады?

— Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн администрациясы жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар соту, жаштар комитети жана коомчулуктун активдүү өкүлдөрү менен биргеликте жыл башында белгиленген иш-чараларыбызды дээрлик толугу менен аткарууга жетишип келе жатабыз десем жаңылышпаймын. Аймагыбызда 3 мектеп, 3 бала бакча,

1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 маданият үйү, 3 ФАП калкка кызмат көрсөтүп келет. Айыл өкмөтүнүн курамындагы Беш-Күнгөй, Таш-Мойнок, Прохладное, Кызыл-Бирдик, Горная Маевка, Подгорное айылдарындагы тургундарыбыздын жашоо-шартын жакшыртуу максатында зарыл болгон иштерди өз убагына бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. 2026-жылга карата бекитилген бюджетибиз 56126,4 миң сомду түзөт. Мунун ичинен өздүк бюджет 4000,0 миң сом. 6 айга карата  аткарылган иш-чаралар 28063,2 миң сомду түздү. Жергиликтүү бюджет 28974,7 миң сомго аткарылып, план 101,2%га камсыз болду.

Аймактагы калктын күндөлүк турмушунда маанилүү болгон билим берүү, саламаттыкты сактоо объектилеринин абалы кандай?

— Аталган объектилерди талаптагыдай шартта кармап туруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен атайын каражаттарды бөлүп, тиешелүү чараларды көрүп келебиз. Маселен, 506 875 сом сарптап, Горная Маевка айылына мектеп алдында 97 метр узундукта тротуар курулуп, окуучулардын билим берүү уясына баруусуна ары коопсуз, ары ыңгайлуу болуп калды.  Ушул эле айылдагы Ш.Эркинбаев  атындагы мектептин саркынды сууларын агызган түтүктөрүн алмаштырууга, септик курууга 480,0 миң сом бөлүнүп берилди.

Беш-Күнгөй айылындагы И.Таранчиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорт залын оңдоо жана жыгач полдорун алмаштыруу иштери башталды. Бул долбоорго жумшалуучу сумма 4 748 035 сомду түзөт. Ошондой эле 2 390,0 миң сомго аталган мектептин тегереги тосулду. Андан башка Беш-Күнгөй айылындагы «Бекбол» бала бакчасынын алдын брусчаткалоого 1 297 688 сом каралган. Азыр иштер  кызуу жүрүп жатат.

Таш-Мойнок айылындагы С.Бегматова атындагы мектебинин кошумча эшиктерин ачуу жана мектеп астындагы аянтчаны брусчаткалоого 1434,4 миң сом бөлүнүп берилди. Ал эми мектептин тегерегин тосуу иштерине 1 591 900 сом сарпталат. 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында С.Бегматова атындагы мектеп жана «Акбермет» бала бакчасы 195 тонна таш көмүр менен камсыз болушту. Башка билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу иштери улантылууда.

Айылдардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселелери кандай чечилүүдө?

— Бул багытта бир топ иштер аткарылды. Калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1 300,0 млн сом сарпталып, Кызыл-Бирдик – 900 метр, Таш-Мойнок – 400 метр, Прохладное айылынын – 300 метр суу түтүктөрү алмаштырылды. Ошондой эле Кой-Таш, Таш-Мойнок, Прохладное айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн альтернативдик суу түтүктөрү тартылууда. Бул долбоорго 2 280 400 сом сарпталат. Беш-Күнгөй айылына 4 250,0 миң сомго 3 суу соргуч насос орнотулду. Андан башка дыйкандарыбызды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу өтө маанилүү. Ошондуктан Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын сугат суу өтүүчү түтүктөрү 364,5 миң сомго алмаштырылды. Сугат мезгилине даярдык көрүп, арыктарга 120 метр лотоктор орнотулду. Прохладное айылына сугат суу кетүүчү арыктын башы оңдолду.

Андан башка айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Көчөлөрдү иретке келтирүү менен тургундарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүү биздин башкы максатыбыз болуп эсептелет. Мисалга алсак, Горная Маевка айылына сейил бак куруу иштери башталып, брусчатка төшөө иштери 70%га аткарылып калды. Прохладное айылындагы Кантемир жана  Западная  көчөсүндө 200 метр жол кеңейтилди. Кой-Таш айылындагы муниципалдык мончонун чатыры 416,0 миң сомго толугу менен оңдолуп,  108,0 миң сомго меши алмаштырылды. «Жашыл мурас» программасынын алкагында айлананы жашылдандыруу үчүн 951 даана бак-дарактар жана гүлдөрдүн көчөттөрү 323 500 сомго алынды. Аламүдүн капчыгайынын ичине тазалыкты сактоо максатында 235,0 миң сом сарпталып, таштанды таштоочу челектер орнотулду.

Ошондой эле айыл аймагынын өнүгүшүнө демөөрчүлөрдүн салымы чоң болуп жатат. Атап өтсөм, демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосунун натыйжасында Беш-Күнгөй айылынын ички жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Прохладное айылына 5,5 млн сомго кичи футболдук аянтча курулду. Горная Маевка айылына, Таш-Мойнок айылындагы С.Бегматова атындагы мектепке  дагы ишкерлер кичи футболдук аянтча куруп беришти. Кызыл-Бирдик айылына суу чыгаруу үчүн «Ассафа» кайрымдуулук фонду тарабынан 4,5 млн сомго скважина курулду.

Таш-Мойнок айыл өкмөтүндө жасалып жаткан иштер негизинен белгиленген иш-чарага ылайык жүргүзүлүп жатат. Жыл соңуна чейин алдыбызга койгон максаттарыбызды толугу менен аткарып, Президентибиз, Министрлер Кабинетинин Төрагасы койгон план-тапшырмалардын өтөөсүнө чыгабыз деген чоң ишенимде эмгектенип келебиз.

Маектешкен Наргиза Казакбаева

18-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 135
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X