Бектурганов Евробиримдиктин элчиси менен укуктук кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулады
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.
Тараптар укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана жазык сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча кызматташтыктын актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Күн тартибинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү күчөтүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери болду.
Ошондой эле Кыргызстандын жазык сот өндүрүшү жаатындагы Европа конвенцияларына кошулуу мүмкүнчүлүктөрү каралып, прокурорлордун квалификациясын жогорулатуу жана аларды Европа Бирлигинин программаларына практикалык тартууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.