Беларусь премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 185

4-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир катар ишканаларга баруу жана кыргыз-белорус бизнес-форумунун ачылышына катышуу пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X