Беларусь ТИМ башчысы Максим Рыженков Улуттук тарых музейине барды

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 141

Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында расмий делегация менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды.

Делегацияны музейдин директору Назгүл Омурзакова тосуп алып, конокторго кыргыз элинин бай тарыхын, маданий мурасын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган туруктуу экспозициялар боюнча экскурсия өткөрдү.

Сапардын жүрүшүндө Беларусь тарап археологиялык табылгалар, этнографиялык коллекциялар, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын өнүгүү этаптарына арналган экспозициялар менен таанышты. Ошондой эле өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуялар, көрүнүктүү инсандар жана улуттук маданий мурастар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Музейге болгон сапар Беларусь тышкы иштер министринин Кыргызстандагы расмий визитинин маданий программасынын маанилүү бөлүгү болду. Тараптар мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн жана достук байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X