Бердибаев көчөсү жаңыланып, тротуар жана ирригациялык система орнотулду

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154

Бишкектин Ленин районундагы Бердибаев көчөсүнүн Асылкеч көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки 370 метрлик тилкеси толугу менен жаңыланды.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында жолго жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулду. Мындан тышкары, жаан-чачын жана кар сууларын натыйжалуу чыгаруу үчүн заманбап ирригациялык система орнотулду.

Жаңылоо иштерин «СУ-4 Кара-Балта» ЖЧКсы жүргүзүп, долбоор белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык аяктады.

Жолдун оңдолушу аймактагы транспорт кыймылын жакшыртып, тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X