БЕРГЕН АНТЫНА БЕКЕМ ТУРУП, МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ИШТЕП БЕРИШСИН
Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы өз ишин баштады. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган 87 депутатка күбөлүк жана төш белгилерди тапшырды. Мандат алган эл өкүлдөрү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти. Каз-катары менен чыгып ант берип бүтүшкөндөн кийин Мамлекет Башчысы элдин элегинен өтүп, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берген депутаттарды куттуктады. Шайланган депутаттар берген антка бекем туруп, эл үчүн, мамлекет үчүн чын ниеттен иштеп беришерине терең ишенимин билдирди.
Өлкө жетекчиси өз сөзүндө Кыргыз парламентинин тарыхына токтолуп, эгемендик декларациясын кабыл алган, “легендарлуу парламент” деген ат менен тарыхта калган мыйзам чыгаруу органы Кыргызстанды демократиялуу өнүгүү жолуна салып бергендигин белгилеп, алар жаңы Конституцияны кабыл алып, өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын Жогорку Кеңеш деп өзгөрткөндүгүн эске салды. Баарыбыз билгендей, ал парламент 350 депутаттан турган. Өткөөл мезгилде тоталитардык режимди бузуп, эгемен Кыргызстандын саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алышкан.
Тилекке каршы, ошол мезгилдеги бийлик менен парламенттин ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктер бул парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашына алып келген. 1995-жылы 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш, 2000-жылы эки палаталуу парламент болуп өзгөрүп – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны болуп калган. Андан кийин кайрадан мыйзамдар өзгөрүп, 2005-жылы бир мандаттуу округдардан бир палаталуу 75 депутат шайланып келген. Садыр Жапаров өзү дагы ошол парламентке шайланып, биринчи жолу депутат болгон. Президент аны айтып, саясаттагы өмүр жолу ошол учурдан башталганын, көп саясий окуяларга күбө болуп, саясаттын күнгөй-тескейин ажыратып таанып, тажрыйба топтой баштаганын белгиледи.
Кийин ошол III чакырылыштагы Жогорку Кеңешти 2007-жылы күздө ошол кездеги президент Бакиев тараткан. Андан соң Баш мыйзам кайрадан өзгөрүп, ошол эле жылы партиялык система менен жаңы парламент шайланып келген. Бирок алар дагы көпкө узаган жок. 2010-жылы революция болуп, парламент тараган. Төңкөрүштөн кийин Баш мыйзам дагы бир жолу жаңыртылып, 2010-жылы өлкөбүздө парламенттик башкаруу системасы орногон. Ошол күндөн тарта саясий чайкоочулук башталып, партиянын тизмесиндеги биринчи ондуктардын ар бири миллион долларга чейин сатылган учурлар болду. Айтор, өлкөбүз 10 жыл бою партия лидерлеринин жеке кызыкчылыгын канааттандырып, мамлекет бир орундан жылбай турду. Коррупциялык система гүлдөп, элдин нааразычылыгы чегинен чыгып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жарылды. Элдик толкундоодон кийин бийлик алмашып, Конституция өзгөрүп 2021-жылы кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Ал эми быйыл мөөнөтүнөн мурда тарап, көп мандаттуу 30 округдан шайланган 90 депутаттуу жаңы парламент келди. Заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен иштеп берерине коомчулук тарабынан ишеним артылып турат.
Мамлекет Башчысы андан кийин кадр маселесине токтолуп, эгемендик алгандан бери кошуна өлкөлөрдөн артта калганыбыздын бирден-бир себеби кадр саясатынын чабалдыгынан болгонун белгиледи. Чындыгын айтканда, эгемендик алгандан бери кадр өстүрүү маселеси таптакыр токтоп калган. Мамлекеттик кызматтарга жогору жакта тааныш-билиши же жакын туугандары болсо гана орношо алышчу. Ал кызматкерлер ошол кызматка татыктуубу же жокпу ал меселе эч кимди кызыктырчу эмес. Ошентип олтуруп, эгемендик алгандан бери ишбилги, кесипкөй кадрлардын баарын чет өлкөлөргө качырып алдык. Ушу тапта жакшы кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатат. Мына ушул өксүктү жоюш үчүн 2023-жылы Президент атайын Жарлык менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” мектебин ачкан. Бардык облустардан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга жөнөтүү менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутулууда. Алар Жогорку окуу жайларды бүтүп келгенден кийин мамлекет аларды милдеттүү түрдө кызматка алат. Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздар окуп жатат. Жакынкы жылдарда жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот. Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат. Эми Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулуп, ар биринде 300 балага чейин окуйт. Кыскасы, кадр маселеси боюнча келечектүү мамлекеттик саясат жүргүзүлүүдө.
Президент өз сөзүндө дагы бир урунттуу маселеге кайрылып, депутаттар министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, “баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле” же “жакыным эле” деп буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калганын белгиледи. Чыны менен бул нерсе өтө кейиштүү илдетке айланып калган эле. Айтканын аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришкенин угуп эле жүргөнбүз. Садыр Жапаров жаңы шайланган депутаттардан өтүнүп, мына ушундай туура эмес жолго түшпөш керектигин суранды.
“Эгер коррупционерлердин бетин ачып берген болсоңор, биз албетте, кош колдоп колдойбуз. Бирок жогоруда айтканымдай, министрлерге же башка мамлекеттик кызмат жетекчилерине чалып, “муну жумушка коюп кой, алып кой” деп кысым көрсөтүүнү токтотсоңуздар. Эгерде сиздердин колуңуздарда төгөрөгү төп келишкен кесипкөй кадр болсо, Кадрлар резервине катталууга жөнөтүңүздөр. Ушу тапта Бирдиктүү кадрлар резервинде 590 адис катталып турат. Биз бошогон орундарга алардын арасынан сынак аркылуу иргеп алып жатабыз. Тааныш-билиш менен кызматка орношуу жолун таптакыр жок кылганга чейин ушул аракетибизди уланта беребиз. “Акылман” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү келгенге чейин мына ушундай тандоо жана конкурс жолдору менен барабыз” деди Садыр
Жапаров.
Ошого катар Өлкө жетекчиси депутаттарга көндүм адат болуп келген дагы бир терс көрүнүшкө токтолуп, Министрлер Кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышканын ачык айтты.
“Маселен, “Менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтөт. Ошентип, натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Эми карап көрүңүздөр, 1 км асфальт басчу жерге канчалаган техникалар тартылат. Канчалаган кум-шагылдар, канчалаган асфальттар алыстан ташылып барат. Ошентип, 1 км жол салуунун наркы 2-3 эсеге кымбат туруп калат. Эң жок дегенде 10 км жол салынса, анда жакын жерге асфальт жана бетон заводун, инерттүү материалдарды өндүрүү үчүн карьерлерди уюштурса болот. Мына ошондо үнөмдөө жагынан мамлекет утабыз. Мамлекеттин акчасын сарамжал, максаттуу пайдаланган болобуз” деди Садыр Жапаров.
Жаңы шайланган депутаттарга Мамлекет Башчысы дагы бир олуттуу маселени эскертип, комитет, фракция жыйындарына ар дайым министрлер өздөрү келишин талап кылып, чакыра берүүнү токтотууну өтүндү. Негизи, керек учурларда гана министрлер өздөрү келип, зарыл болгон мыйзам долбоорлорун талкуулашы керек. Башка учурларда алардын орун басарлары бар, ошолор менен иштеши шарт. Анткени, министрлердин иши бар. Азыр баарыбызга маалым болгондой Президент 24 саат бою, керек болсо түн уйкусунан ойготуп алып иштеткен учурлары болорун угуп жатабыз. Анан зарыл учурларда Жогорку Кеңеште комитеттин же фракциянын жыйынындамын деп күндө убакытты текке кетирип жүргөнү туура болбойт. Министр деген күнү-түнү дебей министрликтин ишин жылдырыш керек.
Демек, депутаттар иштин натыйжалуулугу үчүн орун басарлары менен же маселеге тиешелүү адистери менен көбүрөөк иштеши заман талабына ылайык келет.
Президент кечээги өткөн шайлоодо дагы бир катар кемчиликтер оркоюп чыгып калганына токтолду. Биринчиси, бийлик шайлоону ачык-айкын, электрондук добуш берүү, аралыктан шайлатуу сыяктуу шарттарды түзүп бергенине карабастан, шайлоого келген элдин саны аз болду. Албетте, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди. Бирок, элдин катышуусу 70%га чыгат деген үмүт ишке ашпады. Мындан улам буга чейин айтылгандай милдеттендирүү чараларын киргизүү керекпи деген ойлор жаралууда. Себеби, добушун саткандар шайлоого сөзсүз катышат экен да, калган жарандар кайдыгерликтен уламбы же шайлоо маданиятынын жоктугунанбы, иши кылып аз катышканы айкын болду. Мамлекет Башчысы ушуну белгилеп, бул маселени жон териси менен өткөргөн эл өкүлдөрүнөн мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрүшүн өтүндү.
Чет жакка назар таштасак, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө шайлоого катышуу жарандарына мыйзам чегинде милдеттендирилген экен. Анын негизинде шайлоого катышуу рейтинги жогорулагандан кийин гана ал мыйзамдардын зарылчылыгы болбой калган, мисалы Түркияда ошондой болуптур. Мындай мыйзам Сингапурда азыр дагы иштейт. Аларда ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү. Эгер жаран шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат экен. Биз ар дайым эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларга таянышыбыз керек.
Аларды биздин элдин менталитетине ылайык келтирүү менен пайдалануубуз зарыл. Ошондой эле онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш берүү жагын ишке ашыруу демилгеси көтөрүлгөн. Президент муну байкап көрүп, мындай жакшы ниеттеги аракет өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экендигин билдирди. Маселен, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калышы мүмкүн экен. Демек, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте болушу мүмкүн.
Садыр Жапаров кайрылуусунан кийин Жогорку Кеңеште “Ата Журт”, “Мекенчил”, “Элдик”, “Ала-Тоо”, “Адилет Кыргызстан” деген беш парламенттик топ түзүлүп, Тургунбек уулу Нурланбекти төрага кылып шайлашты. Ага улай төраганын биринчи орун басарлыгына Чыңгыз Ажибаевди, Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханжезаны орун басар кылып шайлады. Ошондой эле сегиз комитеттин төрагалары бекиди. Атап айтсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Курманкул Зулушев, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине Элдар Сулайманов, Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетке Бакыт Тентишев, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетине Токтобүбү Ашымбаева, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетке Кубанычбек Конгантиев, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетке Алтынбек Кудайбердиев, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетке Болотбек Борбиев, Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетине Гүлсүнкан Жунушалиева шайланды.
Зулпукаар Сапанов