Бермет ТҮМӨНБАЕВА, жазуучу, акын, драматург: “ЖАЗУУЧУЛУК – БУЛ КЕСИБИМ ЭМЕС, ТАГДЫРЫМ”
Тагдырдын татаал бурулуштарын аңтарып, адам жанынын көмүскө сырларын ачууга бел байлаган белгилүү жазуучу, акын, драматург – Бермет Түмөнбаева. Ал каарманды ойдон жаратпайт, турмуштун өзүнөн табат. Түрмөдөн кат алган, чет жерде жүргөн мекендештердин мекенге болгон кусалыгын, сагынычын романга айландырган, коомдун ачуу чындыгын тайманбай жазган калем ээси бүгүн да окурманын ойго салган суроолорду көтөрүп келет. Ал КРнын Өкмөтүнүн Чүй облустук бийлигинин, Фридрих Эберт атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси. 70 китептин автору, 26 томдук чыгармасы бар.
— Бермет эже, сиздин чыгармаларыңызда тагдырлар кайнап турат. Чыгармачылыгыңыздын чыныгы булагы эмне, элдин тагдырыбы же ички дүйнөңүзбү?
— Жазуучу үчүн эң чоң булак – адам. Адамдын тагдыры, сынышы, кайра турушу. Башкалар үчүн ажырашуу же кайгы – күнүмдүк көрүнүш. Ал эми мен үчүн ал – ачыла элек роман. “Бул абалга эмне жеткирди? Ким күнөөлүү?”- деп издене баштайм. Жазуучу турмушту үстүрт карабайт, анын катмарын аңтарат. Кээде бир сүйлөм, бир үшкүрүк бүтүндөй чыгарманын өзөгүнө айланат. Мен каармандарымды ойлоп таппайм – мен аларды жашоодон угам, көрөм, жүрөгүмдөн өткөрөм.
— Каармандарыңызды ушунчалык ишенимдүү жазганыңыз үчүн окурмандар “Сиз ошол окуянын ичинде жүргөнсүзбү?” деп сурашат экен…
— Ооба, көп угам. “Бул кишини тааныйм, уландысы барбы?”- дешет. Себеби, мен каармандарым менен жашайм. Кылмышкер менен да сүйлөштүм, карапайым эне менен да сырдаштым. Түрмөдөн кат жазгандар бар. “Эже, китебиңизден өзүмдү көрдүм” дегендер болду. Жазуучунун милдети – айыптоо эмес, түшүнүү. Мен ар бир тагдырдын артындагы чындыкты ачууга аракет кылам.
— Жыйырмадай драмаңыз бар экен. Бирок, сахнага чыгууда тоскоолдуктар бар дейсиз…
— Чынын айтсам, чыгармачылыкка караганда каржы кыйын болуп жатат. Театрга сунуштасаң, ижара акысы, артисттердин акысы деп баары акчага такалат. Бирок, мен жазбай коё албайм. Драма – коомдун күзгүсү. Бир күнү менин да чыгармам сахнада жанданып, көрүүчү менен бетме-бет сүйлөшөт деп ишенем. Үмүт – жазуучунун деми.
— Сиз “Сүйгөнүм Түркия” деген өзүнчө багыт ачыпсыз. Эмне үчүн дал Түркия?
— Түркия мен үчүн жөн гана чет өлкө эмес, тагдыр байланыштырган жер. Кызым ошол жакта окуп, турмуш куруп, жашоосу уланды. Мен жыл сайын барып, элүүдөн ашык шаарын кыдырдым. Анкара, Манавгат, Измир, Анталья, Трабзон сыяктуу шаарларда эмгектенип жүргөн мекендештердин тагдырын угуп, жүрөгүмө түйдүм. Китептерим түрк тилине которулуп, 2000 нуска менен чыгып жатат. Азыр жети роман басылып, сегизинчиси жазылууда. Ар биринде – чет жерде жүргөн кыргыздын сүйүүсү, кыргыз жерине болгон кусалыгы, сагынычы, күрөшү бар.
— Түркиянын эмнеси сизди өзгөчө таң калтырды?
— Маданияты. Тазалыгы. Бирөөнүн буюмун албаганы. Эге деңизинде шляпамды унутуп кетип, үч күндөн кийин барсам, ошол жерде илинип туруптур. Ошондо “тарбия деген ушу” дедим. Тамак-ашы да жеңил, жашоого болгон мамилеси да жеңил. Мага алардын жөнөкөйлүгү жагат.
— Балдар адабиятына кайрылуу да жоопкерчилик. Азыркы балдарга эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?
— Китеп жетишпей жатат. Айылдагы бала бакчаларды, интернаттарды кыдырганда текчелер бош экенин көрдүм. Ошондон кийин “Балакайга белегим”, “Жомокторго саякат” сыяктуу китептерди жаздым. Баткендин, Чаткалдын, Алайдын алыскы айылдарынан чалып, “жомокторду көчүрүп окуп жатабыз” дешкенде толкундайм. Баланын кыялы таза болушу үчүн адабият да таза болушу керек.
— Детектив жанрындагы чыгармаларыңыз коомдогу караңгы темаларды козгойт деп коркпойсузбу?
— Чындыкты жазуудан коркпойм. “Бийлик кумары” китебимди түрмөдө отургандар окуп, айрымдары өз тагдырын жазып беришкен. Бирөөсү атууга кетээрин айтып, “менин жашоомду да жазып коюңуз” деген. Кылмыш дүйнөсү бар экенин моюнга албасак, аны кантип оңдойбуз? Менин милдетим – көмүскөнү жарыкка чыгаруу.
— Коомдогу бүгүнкү эң оор көйгөй кайсы деп эсептейсиз?
— Кайдыгерлик. Саясат “сасык” деп четке какканыбыз менен ал ар бирибиздин жашообузга таасир этет. Ким кайсы тармакты жетектеп жатат? Ал ишти билет бекен? Мен жазуучу катары эмес, жаран катары да анализ кылам. Эртең бул суроолордун жообу чыгармама айланат.
— Окуяларды кайдан табасыз?
— Жашоонун өзүнөн. Таксиде баратып эле бир романга туш болосуң. Кокус жолуккан адам бүтүндөй повесттин өзөгүн ачат. Мен угам, сактайм, анан жазам. Ошондуктан окурмандарым кайра-кайра окуп, уландысын күтүшөт.
Азыркы күндө миң долларды акча катары санабагандар бар. Китеп чыгаруу үчүн жардам берчүлөр болсо, сонун болот эле. Китептерим аз санда чыгууда. Демөөрчүлөр табылса, нускасын көбүрөөк чыгарат элем. “Китептин эмне кереги бар? Интернеттен эле окуйм” — дешет айрымдар. Интернеттен бир жолу окуйсуң, анан өчүп калат. Ал эми китеп болсо текчеде турат. Кайсы убакытта болсун, алып кайра окуйсуң. Ийе, ушундай болот турбайбы деп сабак алып, таасирленчү мезгил болот.
Жазуучулук – бул менин кесибим эмес, тагдырым. Китептеримди көбүнчө өз каражатыма чыгарам. Сатылса, кийинкисине жол ачылат. Жазуучунун эң чоң байлыгы – окурмандын ишеними. Мен ошол ишенимди актоого аракет кылып келем.
Чынайым Кутманалиева