Беш-Мерген жайлоосунда 300 комузчу өнөр көрсөтөт
Салам Ош — 2026 бүгүн Беш-Мерген жайлоосу аймагында өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Маалыматка ылайык, фестиваль кыргыз элинин улуттук нарк-дөөлөттөрүн, кооз жаратылышын, бай маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана улуттук ашканасын дүйнөгө таанытууну максат кылат.
Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмөлөр уюштурулуп, келген коноктор кыргыздын салттуу буюмдары менен жакындан тааныша алышат. Ошондой эле фестивалда 300дөн ашык комузчу биргелешип өнөр көрсөтүп, жандуу үн коштолгон концерттик программа жана заманбап ыр-бийлер тартууланат.
Мындан тышкары, фестиваль туристтер үчүн маданий эс алуу менен катар улуттук каада-салттарды жайылткан ири аянтча болору күтүлүүдө.